Ысык-Көл облусунда жыл башынан бери жалпы 29 өнөр-жай ишканасы ачылды

 Ысык-Көл облусунда жыл башынан бери жалпы 29 өнөр-жай ишканасы ачылды

Бугүн 11-декабрда Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Уланбек Далиев 2023-жылдын 11 айындагы облустун өнүгүүсүнүн жыйынтыгы боюнча маалымат берди.

 

Маалыматка ылайык Ысык-Көл облусунун өнөр-жай ишканалары тарабынан «Кумтөр» ишканасынын өндүрүштүк көлөмүн эсепке албаганда 2023-жылдын 10 айында 5 млрд 897,0 млн сомдук продукция өндүрүлүп, өсүү темп 121,0 пайызга камсыздалган. Негизги капиталга өздөштөштүрүлгөн инвестициянын көлөмү 2023-жылдын 10 айында 20 млрд 428,5 млн. сомду түзүп, өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 38,1 пайызга көбөйгөн. Жыл башынан бери облус аймагында жалпы 29 өнөр-жай ишканасы ачылып, алар тарабынан 455 жаӊы жумуш орду түзүлгөн.

 

“Бул көрсөткүчтөр Ысык-Көлдүн туризм жана өнөр жай тармагындагы ырааттуу прогрессин көрсөтүп турат, бул аймактын активдүү өнүгүп жаткандыгынан кабар берет”, – деп токтодлду У. Далиев.

 

Жыйын учурунда туризм жана кышкы эс алуу инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча сөз болду. Жетекчинин айтымында, аймакка келген туристтердин саны 1,3 миллиондон ашты.

 

«Жайкы жана кышкы туризмди өнүктүрүү биздин негизги багыттарыбыздын бири болуп эсептелет, жакында эле Кыргыз Республикасынын Президенти урматтуу Садыр Нургожоевич өзү келип каркыра тоо-лыжа комплексинин капсуласын салып кетти, бул бизге коюлган чоң жоопкерчилик жана колдоо болуп саналат», – деп айтты У. Далиев.

 

Мындан сырткары Облус боюнча 2023-жылдын 10 айында жалпысынан 97,6 чакырым жолго асфальт төшөлдү жана 20,0 чакырым тротуар салынды. Ысык-Көл айланма жолунун Балыкчы-Тамчы-Корумду автожолу, Балыкчы-Боконбаев-Барскоон автожолу бөлүгүндө реконструкция иштери аткарылууда.

“Ал эми, Корумду-Балбай автожолу, Балбай-Каракол автожолу, Барскоон-Каракол автожолу бөлүгүн реконструкциялоо үчүн долбоордук-сметалык документтери даярдалууда. Түп-Кеген автожолун реконструкциялоо долбоору ишке ашырылууда. Каракол аэропортун өнүктүрүүнүн аяктоосу күтүлүүдө, бул аймактын авиация тармагын өнүктүрүүгө салым кошот жана эс алуучуларга ыңгайлуу шарттар түзүлөт”, – деп белгиледи У. Далиев.

Связанный пост