Ысык-Көл облусунда самбо боюнча Дүйнө кубогу старт алды

Бүгүн, 22-август күнү Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында самбо боюнча Дүйнө кубогу старт алды. Мелдештин программасына ылайык, бүгүн спорттук самбо боюнча эркектер арасында 58, 64, 71, 79, 88, 98, 98+ кг салмак даражаларында, ал эми күжүрмөн самбо боюнча кыздар арасында 59 кг, 65 кг, 72 кг салмак даражаларында беттештер өтөт.

 

Белгилей кетсек, мелдеш “Газпром-балдарга” ден-соолукту чыңдоо борборунда өтүүдө. Ага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Болгария, Азербайжан, Армения, Кытай, ФИАС 1 (Россия), ФИАС 2 (Беларусия) жана Израилден келген спортчулар катышууда.

***

На Иссык-Куле стартовал чемпионат мира по самбо

 

Сегодня, 22 августа, в городе Чолпон-Ате (Иссык-Кульской область) стартовал Кубок мира по самбо.

Согласно программе соревнований, сегодня состоятся поединки среди мужчин по спортивному самбо в весовых категориях 58, 64, 71, 79, 88, 98, 98+ кг и по боевому самбо среди женщин в весовых категориях 59 кг, 65 кг, 72 кг.

 

Отметим, что соревнования проходят в физкультурно-оздоровительном комплексе «Газпром-детям». В нем принимают участие спортсмены из 11 стран: Кыргызстан, Казахстан, Узбекстан, Туркменистан, Болгария, Азербайджан, Армения, Китай, ФИАС 1 (Россия), ФИАС 2 (Беларусия) и Израиль.

Связанный пост