Ысык-Көлдө Европа жана Кытайдан келген эксперттерди тартуу менен бизнес-форум өткөрүү пландаштырылууда

 Ысык-Көлдө Европа жана Кытайдан келген эксперттерди тартуу менен бизнес-форум өткөрүү пландаштырылууда

DLG Holding GmbH жана Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы 2023-жылы Ысык-Көлдө Европа жана Кытайдан келген эксперттерди тартуу менен бизнес-форум өткөрүүнү макулдашты.

Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Франкфурт-на-Майне шаарында DLG Holding GmbH компаниясынын башкы директору Фрейя фон Цеттриц менен жолугушуп, айыл чарба жана тамак-аш өнөр жай тармагында кызматташууну кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады.

Жыйындын негизги маселеси 2023-жылы Кыргызстанда агро өнөр жай тармагындагы эл аралык саммитти Ысык-Көлдө биргелешип өткөрүү болду. Бул иш-чара катышуучулар үчүн айыл чарба тармагындагы акыркы жетишкендиктер жана инновациялар менен таанышуу үчүн аянтча болот, ошондой эле Европадан жана Кытайдан келген эксперт спикерлерди тааныштырат. Алар акыркы технологиялык жетишкендиктер жөнүндө айтып беришет.

DLG Holding GmbH Германия боюнча 30 000ге жакын мүчөсү бар жана 100 жылдан ашык тарыхы бар Немис айыл чарба коомунун (DLG) өкүлү. Уюм эки жылда бир жолу бүткүл Европада “Евротайр” деп аталган ири көргөзмөсүн өткөрүп турат, ага дүйнөнүн 130дан ашык өлкөсү катышып, жарым миллиондон ашуун зыяратчы келет.

Жолугушуу КРнын Германиядагы элчилигинин колдоосу менен уюштурулду.

Связанный пост