Ысык-Көлдүн жээгине 5 жылдыздуу мейманкана куруу тууралуу Министрлер кабинети менен Азербайжандын ортосундагы макулдашуу жактырылды

 Ысык-Көлдүн жээгине 5 жылдыздуу мейманкана куруу тууралуу Министрлер кабинети менен Азербайжандын ортосундагы макулдашуу жактырылды

Эл аралык иштер, коргонуу, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин жыйынында Министрлер кабинети жана Азербайжан өкмөтүнүн ортосундагы Ысык-Көлдүн жээгинде 5 жылдыздуу мейманкана куруу үчүн инвестициялар жөнүндө макулдашуунун долбоору талкууланды.

Макулдашуунун долбоорун Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директорунун орун басары Нурадил Баясов тааныштырды. Ал билдиргендей, 5 жылдыздуу мейманкананы Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылына куруу пландалууда жана ага жалпысынан 17,24 гектар жер бөлүнүп берилүүдө. Директордун орун басары макулдашуу 1997-жылдагы кыргыз өкмөтү менен Азербайжан өкмөтүнүн ортосундагы инвестицияларды коргоо жана колдоо келишиминин негизинде иштелип чыкканын белгилеп, макулдашууну колдоп берүүнү өтүндү. “Бул туристтерди тартуунун стратегиялык кадамынын бири болуп саналат. 5 жылдыздуу мейманкана куруу мөөнөтү 3 жыл. Жердин жалпы аянты 17,24 гектар, анын ичинен 4,92 гектары – парк, пляж болмокчу. Ал эми 12,32 гектар – инфрастурктура же мейманкага курулган жер”,-деди Н.Баясов.

Депутат Таалайбек кызы Жылдыз макулдашуу бүгүн гана комитетте каралып жатканын белгилеп, буга чейинки чалгындоо иштери эмненин негизинде жүргүзүлгөнүнө кызыкты. Президенттин Иш башкармалыгын өкүлү иш ыкчам жүрүшү үчүн даярдоо иштери гана жүргүзүлгөнүн айтты. Депутат 49 жылдан кийин мейманкана Кыргызстанга кайра кайтарылабы же жокпу деген маселени да тактады. Н.Баясов 49 жыл өткөндөн кийин объект Кыргызстандын карамагына өтөрүн ошол эле маалда Азербайжан макулдашууну узартууга укуктуу экенин белгиледи. Комитет төрагасы Улан Примов Юстиция министрлигинин корутундусун эске алып, жер жана андагы курулмалардын 49 жылдан кийинки тагдырын аныктоо боюнча кемчиликтерди жоюу сунушун берди.

Талкууда депутат Шайлообек Атазов курула турган 5 жылдыздуу мейманканадан Кыргызстан кандай пайда көрөрүн сурады. Буга өлкөнүн туризм индустриясын өнүктүрүүгө, тикелей инвестиция алууга жакшы шарттар түзүлөт деген жооп болду.

Ошондой эле комитет «Азия –Тынч океан регионунда трансчек аралык кагазсыз соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жөнүндө алкактык макулдашууга (ЭСКАТО) Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу» мыйзам долбоорун карап, жактырды.

Документ менен тааныштырган Экономика жана коммерция министринин орун басары Назар Малаев демилгенин максаты электрондук соода кылууну жеңилдетүү болуп саналат деп билдирди

Связанный пост