Ысык-Атада мыйзамсыз менчиктештирилген объектилер мамлекетке кайтарылды

Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы мыйзамсыз менчиктештирилген объектилер мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызмат тарабынан текшерүү иш-чараларынын натыйжасында 11 социалдык объект (клубдар, сейил бактар, суу мунаралары, милиция бөлүмүнүн имараты, мед имарат ж.б.) мамлекеттин балансына кайтарылды.

1998-2006-жылдар аралыгында аталган объектилер жеке адам тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилип кеткени аныкталган.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында базар наркы 120 млн 130 миң сомду түзгөн жогоруда белгиленген объекттер ыктыярдуу түрдө мамлекеттин балансына өткөрүлүп берилди.

УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген өнөр жай жана социалдык объектилерди аныктоо жана мамлекетке кайтаруу иштерин улантууда.

Связанный пост