WOAH Кыргызстанда Ветеринардык кызматтын натыйжалуулугун баалоодо
Бүткүл дүйнөлүк жаныбарлардын саламаттыгын сактоо уюму (WOAH) Кыргызстанда Ветеринардык кызматтын натыйжалуулугун баалоодо. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Мүгүн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев аталган уюмдун Борбор Азия боюнча субрегионалдык өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Мереке Тайтубаев баштаган эксперттер менен жолукту.
Делегация Кыргызстанга Ветеринардык кызматтын натыйжалуулугун баалоо миссиясын жүргүзүү үчүн келген.
Жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Бүткүл дүйнөлүк жаныбарлардын саламаттыгын сактоо уюмунун өлкөдө ветеринардык кызматты өнүктүрүү боюнча кызматташуусун талкуулашты.
Анда Бакыт Төрөбаев эксперттерге бул баалоо тармакты модернизациялоого жана эл аралык таанылууга карай маанилүү кадам экенин кошумчалады.
Ветеринардык системаны өнүктүрүү боюнча аткарылган иштердин катарына – эпизоотиялык абалды көзөмөлдөөнү күчөтүү, мыйзамдык базаны эл аралык стандарттарга ылайык өркүндөтүү, ооруларды мониторинг кылуу жана эпидемиологиялык маалымат алмашуу системасын киргизүү, лабораторияларды модернизациялоо жана чек арадагы ветеринардык көзөмөл пункттарын заманбап жабдуулар менен камсыздоо киргизилди.
Ошондой эле тармактагы ырааттуу реформалар эпизоотиялык туруктуулукту жогорулатууга жана Кыргызстандын коопсуз айыл чарба продукциясын эл аралык рынокко чыгарууга шарт түзүлгөнү белгиленди.
Мындан тышкары, министрлер кабинети Бүткүл дүйнөлүк жаныбарлардын саламаттыгын сактоо уюму менен жакынкы келечекте малдын шарп ылаңына каршы эмдөө менен “шарпсыз эркин аймак” расмий макамына жетүү үчүн тыгыз кызматташаары белгиленди.