Владимир Путин Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жеңиш күнү менен куттуктады

Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгы менен куттуктады.
«Биздин өлкөлөрүбүздө биз согуш талаасында теңдешсиз эрдиктери жана тылдагы жан аябас эмгеги менен нацисттик баскынчыларды талкалоого мүмкүндүк бергендердин элесин ыйык тутуп, урматтайбыз.
Жеңүүчүлөрдүн мууну бизге мурас кылып калтырган достуктун жана өз ара жардамдын жакшы салттары биздин мамлекеттердин ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктүн жана союздаштык мамилелердин өнүгүүсү үчүн ар дайым бекем негиз катары кызмат кылат деп ишенем», – деп айтылат Владимир Путиндин куттуктоосунда.