Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар боюнча агенттик түзүлдү
Кыргызстанда президенттин № 186 жарлыгы менен КР президентине караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар боюнча улуттук агенттик түзүлдү. Жарлыкка 2026-жылдын 28-майында кол коюлду. Бул тууралуу Токтом порталында маалымдалат.
Агенттик “Президентке караштуу Виртуалдык активдерди жана блокчейн-технологияларды өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин катчылыгы” мамлекеттик мекемесинин базасында түзүлдү.
Анын максаты мамлекеттик органдардын ортосунда өнүктүрүү, жөнгө салуу жана көзөмөлдөө функцияларын так бөлүштүрүү аркылуу виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү мамлекеттик башкаруу тутумунун натыйжалуу иштешин камсыз кылуу болуп саналат.
Бул жарлык менен төмөнкүлөр бекитилди:
- Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар боюнча улуттук агенттик жөнүндө жобо;
- аталган агенттиктин кызматкерлеринин штаттык саны;
- кызматкерлердин айлык акыларынын өлчөмүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык айлык акыларга карата эселенүү коэффициенттери;
- агенттиктин кызматкерлеринин кызматтык айлык акыларына көп жылдык кызматы (иш стажы) үчүн пайыздык үстөктөрдүн өлчөмдөрү.
Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.