VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көк бөрү менен катар көкпар да ойнолот
2026-жылы Кыргызстанда өтүүчү “VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында” көк бөрү жана көкпар эки ат оюну тең ойнолот. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Казыбек Молдажиев “Кабар” маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, быйыл эки оюнда тең беттеш өткөрүү чечими кабыл алынып, учурда кыргызстандык команда бул оюндарга даярдыктарды көрүүдө.
“VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында улуттук салттык оюндардын 43 түрү ойнолот. Негизинен оюндарды өткөрүү тартибине токтолсок, ачылыш аземи 31-августта Бишкекте курулуп жаткан жаңы стадиондо өтүп, ал эми оюндар Чолпон-Ата шаарында 2-сентябрдан 6-сентябрга чейин өтөт. Быйылкы көчмөндөр оюндарына 100 мамлекет, 3 миңден ашык кишинин катышуусу күтүлүүдө”, -деди Молдажиев.
Ошондой эле быйылкы көчмөндөр оюндарынын уюштурууга мамлекеттик бюджеттен 336 млн сом бөлүү пландалып жатканы кошумчаланды.