Ветеринардык кызмат 7 айда тамак-аш коопсуздугу боюнча 780 субъектти текшерди
Ветеринардык кызмат тарабынан 7 айда тамак-аш коопсуздугу боюнча 780 субъектини текшерген.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, анда ветеринардык-санитардык талаптар жана көрсөтмөлөр аткарылбагандыгына байланыштуу бир катар субъекттерге жалпысынан 485 миң сом өлчөмүндө айып пул салынган.
Учурда Экономика жана коммерция министрлигинин ишкердик субъекттеринин ишин текшерүү боюнча (Proverka.kg) расмий электрондук порталы аркылуу 4-кварталга райондук жана шаардык ветеринардык башкармалыктар тарабынан 1484 субъект макулдашууга даярдалууда.