Унаа токтоочу жайга көзөмөл: “Жөө патруль” тиркемеси иштеп баштайт

 Унаа токтоочу жайга көзөмөл: “Жөө патруль” тиркемеси иштеп баштайт

Бишкекте унаа токтотуучу жайларды көзөмөлдөө максатында “Шаардык жол-транспорттук инфратүзүм” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери “Жөө патруль” мобилдик тиркемесин колдонуп башташат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тиркеме унаа токтотуучу орундардын пайдаланылышына мониторинг жүргүзүүгө, унаалардын жайгаштырылышын каттоого жана орундардын толушун эсепке алууга мүмкүндүк берет.

Укук бузуулар кодексине ылайык, акы төлөнүүчү муниципалдык унаа токтотуучу жайга акыны төлөөдөн качканда жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5000 сом сом өлчөмүндө айып пул салынат.

Мындан улам мэрия борбор калаанын тургундарына жана конокторуна акы төлөнүүчү муниципалдык унаа токтоочу жайларда транспорт каражаттарын жайгаштыруу кызматтары үчүн өз убагында акы төлөө керек экендигин эскертет.

Связанный пост