Улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө программаны ишке ашыруу боюнча “Жол карта” бекитилди

 Улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө программаны ишке ашыруу боюнча “Жол карта” бекитилди

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 2023–2027-жылдарга улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө улуттук программаны ишке ашыруу боюнча “Жол картаны” бекитүү тууралуу токтомго кол койду.

 

Аталган токтомдун максаты президенттин 2022-жылдын 30-августундагы № 303 Жарлыгы менен бекитилген 2022-2027-жылдарга улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө улуттук программаны ишке ашыруу болуп саналат.

 

Бекитилген жол картасында, улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү боюнча 2023-2027-жылдары жасала турган иш чаралардын планы каралган.

 

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Связанный пост