Улуттук банктын нумизматикалык музейинде ачык эшик күнү өтөт
18-майда Улуттук банктын Бишкектеги жаңы нумизматикалык музейинде ачык эшик күнү өтөт.
Финансылык жөнгө салуучу органдан билдиришкендей, иш-чара Эл аралык музей күнүнө карата уюштурулууда.
Келген коноктор Кыргызстандын улуттук валютасынын калыптануу тарыхы, банкнотторду чыгаруунун этаптары менен тааныша алышат. Ошондой эле өлкө аймагынан табылган байыркы монеталардын коллекциясын, анын ичинде Улуу Жибек жолу дооруна таандык экспонаттарды көрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Мындан тышкары, музейде Улуттук банк тарабынан 1995-2026-жылдары чыгарылган коллекциялык монеталар жана чет мамлекеттердин акча белгилеринин үлгүлөрү коюлган.
Экскурсиялар саат 10:00дөн 17:00гө чейин Бишкек шаары, Киев көчөсү, 189 (К. Акиев көчөсү менен кесилишет) дарегинде өтөт.
“Кирүү акысыз. Жаныңызда өздүгүңүздү тастыктоочу документ болушу шарт. Алдын ала жазылуу үчүн телефон номуру: 0 (312) 61-24-14”, – деп айтылат маалыматта.