Улуттук банк жыл башынан бери ички валюта рыногуна $900 млн сатты

 Улуттук банк жыл башынан бери ички валюта рыногуна $900 млн сатты

Жыл башынан бери ички валюта рыногунда АКШ долларын сатуунун жалпы көлөмү 893,45 млн долларды түздү. Бул тууралуу маалымат жыйынында Улуттук банктын төрагасынын орун басары Азат Козубеков билдирди.

Ал Улуттук банк бул валюталык интервенцияларды каржылап жаткан эл аралык резервдердин жетиштүү деңгээлин сактоону улантып жатканын белгиледи.

“22-майга карата эл аралык резервдердин көлөмү болжол менен 8,9 млрд долларды түзөт. Бул 2025-жылдын акырына салыштырмалуу 3,4%га көп. Бул чаралардын бардыгы биздин экономикабыздагы баалардын кескин өсүшүн ооздуктоого өбөлгө түзөт”, – деп билдирди ал.

Связанный пост