Улуттук банк: Күйүүчү майдын кымбатташы инфляциялык басымды күчөттү
2025-жылдын башынан бери Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майдын баасы кыйла жогорулады. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасынын орун басары Азат Козубеков Бишкекте өткөн маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, жыл башынан бери бензиндин баасы 12,6 пайыз, ал эми дизель майы 8,4 пайыз кымбаттады.
Козубеков баалардын көтөрүлүшүн биринчи кезекте Кыргызстанга күйүүчү-майлоочу май менен камсыздоочу негизги Росиядагы мунай иштетүүчү заводдордогу оңдоо иштерине байланыштуу деп түшүндүрдү.
Ал белгилегендей, күйүүчү майдын кымбатташы тышкы экономикалык шарттардын таасири жана дүйнөлүк энергетикага болгон баанын өсүшү менен бирге өлкөдөгү инфляцияны тездетүүчү факторлордун бири болуп калды.
Булак “Кабар” агенттиги