Улуттук банк эсептик ченди 9,25 пайызга чейин жогорулатты

Улуттук банк 28-июлда эсептик ченди (негизги чен) 25 базистик пунктка, 9,25 пайызга чейин жогорулатуу чечимин кабыл алды.
Финансылык жөнгө салуучу органдын маалыматына караганда, чечим бүгүн, 29-июлдан тартып күчүнө кирет.
Кыргызстанда инфляция орточо чекте сакталып турат. Инфляциянын көрсөткүчү 2025-жылдын башынан тартып 18-июлга карата абал боюнча 4,6 пайызды, жылдык мааниде – 8,7 пайызды түздү. Учурдагы баа динамикасы убактылуу жана сезондук факторлор менен, анын ичинде өткөн жылдын тиешелүү мезгилиндеги төмөн статистикалык базанын таасири астында шартталган. Инфляция түзүмүндө азык-түлүк товарлар тобуна баалардын көбүрөөк өсүшү убактылуу жана сезондук факторлордон улам, ошондой эле Кыргыз Республикасынын соода боюнча өнөктөш өлкөлөрүндөгү салыштырмалуу жогору инфляциянын алкагында байкалган. Инфляциянын азык-түлүктөн башка бөлүгүнө тарифтерди план чегинде жогорулатуунун алкагында электр энергиясына бааларды корректировкалоо негизги салымды кошкон.
Өлкөдөгү экономикалык шарттар өзгөрүлгөн жок. Өлкөдө экономикалык жигердүүлүк жогору бойдон сакталып турат, ал эми ички суроо-талап калктын кирешелеринин өсүшүнө байланыштуу жогорулашын улантууда. Ошондой эле негизги капиталга инвестициялардын жеке каржылоо эсебинен да, фискалдык каналдын каражаттарынын эсебинен да көбөйүшү байкалууда. 2025-жылдын январь-июнь айларында реалдуу ИДӨнүн (2024-жылдын ушул мезгилине салыштырганда) өсүшү 11,7 пайызды түзгөн, бул негизинен, кызмат көрсөтүүлөр, курулуш жана өнөр жай секторундагы өсүш менен шартталган.
Акча-кредит шарттары Кыргызстанда баа туруктуулугун орто мөөнөттүү мезгилге белгиленген 5-7 пайыз максаттуу көрсөткүч чегинде камсыз кылууга багытталган. Жүргүзүлүп жаткан монетардык саясаттын чаралары банктар аралык акча рыногунда туруктуулукту сактап турууга мүмкүндүк берет. Жалпысынан, өлкөнүн банк системасында улуттук валютадагы ликвиддүүлүк жогорку көлөмдө сакталып турат. Мындай шарттарда Улуттук банк экономикада акча сунушунун тең салмактуу деңгээлин кармап туруу максатында монетардык операцияларды жүргүзүп келет.
Валюта рыногундагы абал туруктуу. Чет өлкө валютасына суроо-талаптын жана аны сунуштоо балансынын рыноктук түзүлүшү шарттарында алмашуу курсунун ийкемдүүлүгү сакталып турат.
Өтүп жаткан жылы тышкы экономикалык чөйрөдөгү белгисиздиктин деңгээли геосаясий факторлордун күчөшү жана дүйнөлүк соода саясатындагы өзгөрүүлөрдүн шартында кыйла өскөн, бул тышкы инфляциялык факторлорду жана дүйнөлүк азык-түлүк менен чийки зат рынокторундагы баалардын өзгөрүлмөлүүлүгүн шарттайт. Региондо соода өнөктөш өлкөлөрдө инфляция салыштырмалуу жогору бойдон калууда. Мындай шарттарда, кыска жана орто мөөнөттүү мезгилге инфляция факторлоруна талдоо жүргүзүүнү, ошондой эле Улуттук банктын акча-кредит саясаты келечекке багытталгандыгын эске алуу менен, өлкөдө орто мөөнөттүү мезгилге карата баа туруктуулугун сактоо үчүн бүгүнкү күндө эсептик чендин өлчөмүн 25 базистик пунктка 9,25 пайызга чейин жогорулатуу максатка ылайык деп каралууда.
Улуттук банк акча-кредит саясатын жүргүзүүдө салмактанып алынган ыкманы колдонот жана инфляциянын түптөлгөн ички жана тышкы факторлоруна баа берүүнү улантат. Баа туруктуулугу үчүн кандайдыр бир тобокелдиктер пайда болгон учурда, Улуттук банк жүргүзүлүп жаткан монетардык саясатка өзгөртүүлөрдү киргизүүнү жокко чыгарбайт.
Улуттук банк башкармалыгынын эсептик чен өлчөмү маселеси боюнча кийинки пландуу отуруму 25-августта өтөт.