УКМК “Томми Мол” соода борборундагы 335 млн сомдук коммерциялык жайларды мамлекетке кайтарды

 УКМК “Томми Мол” соода борборундагы 335 млн сомдук коммерциялык жайларды мамлекетке кайтарды

“Томми Мол” соода борборундагы аянты 1257,5 чарчы метр болгон коммерциялык жайлар мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

 

УКМК муниципалдык аймактардын ижарачылары тарабынан жер пайдалануу шарттарын аткарбоо фактысы боюнча козгогон кылмыш ишинин алкагында “Томми Мол” соода борборунун 2-кабатындагы аянты 1257,5 чарчы метр, жалпы суммасы 335,7 млн сомду түзгөн коммерциялык жайларды мамлекеттин балансына кайтарды.

 

Тергөөнүн жүрүшүндө 2005-жылы Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан Токомбаев көчөсүндөгү жер алдындагы гараждары бар көп кабаттуу турак үйлөрдү долбоорлоо жана куруу үчүн аянты 0,5 га болгон жер тилкеси “К” ЖАКга 49 жылдык мөөнөткө убактылуу пайдаланууга берилгени аныкталды.

 

Кийинчерээк аталган тилкени пайдалануу укугу “Э.К.” ЖЧКга өткөн. Жер тилкесин берүү шартына ылайык, ижарага берүүчү курулган турак жайдын бир бөлүгүн муниципалдык менчикке өткөрүп берүүгө милдеттүү болгон.

Деген менен Бишкек шаарындагы жер тилкелерине укуктарды берүү боюнча комиссиянын жооптуу кызмат адамдарынын мыйзамсыз манипуляцияларынын натыйжасында соода-оюн-зоок комплексин долбоорлоо жана куруу үчүн жер тилкесинин функционалдык багыты өзгөртүлүп, мамлекет аз камсыз болгон жарандарга турак жай берүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырап калган, бул шаардык бюджетке зыян гана келтирбестен, жалпы эле мамлекеттик бийлик институттарына коомдук ишенимдин начарлашына алып келген.

 

Мындан улам, козголгон кылмыш ишинин алкагында көрүлгөн комплекстүү иш-чаралардын натыйжасында “Э.К.” ЖЧКсы Бишкек шаарынын мэриясынын балансына “Томми Мол” соода борборунун 1257, 5 чарчы метр аянтындагы, 335,7 млн. сомду түзгөн коммерциялык жайларды акысыз өткөрүп берди.

 

Белгилей кетсек, аталган 1257,5 чарчы метр аянтта дүкөндөр жана спорт залы жайгашкан, алардын ижара акысы мындан ары шаардык бюджетке түшөт.

 

Учурда жогоруда аталган комиссиянын тиешелүү кызмат адамдарын аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, ушул сыяктуу фактыларды аныктоо жана бөгөт коюу иштери улантылууда.

Связанный пост