УКМК салыкчыларды кармады. Алар патентке төлөнчү каражатты ыйгарып алган деп айыпталууда
Патентке төлөнчү акча каражаттарды мыйзамсыз ыйгарып алган Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери кармалды, деп билдирет КР УКМКнын басма сөз кызматы.
КР УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгүндө (“Кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу”) каралган кылмыштын белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Базар-Коргон районунун соода-базар комплексинин ишкерлеринин жана соодагерлеринин патенттерине төлөнчү акча каражаттарды салык инспекторлору системалуу түрдө чогултуп, өздөрүнө ыйгарып алып жүргөн туруктуу коррупциялык схемага бөгөт коюлду.
2023-жылдын 26-декабрында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында соттун санкциясы менен Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон району боюнча Мамлекеттик салык кызматынын бөлүм башчысы С.С.К. жана райондун соода базарларын көзөмөлдөгөн 2 инспектору Н.У.С., А.М.К. кармалып, №53 тергөө абагына киргизилди.
Мамлекеттик салык кызматынын кармалган инспекторлору ишкердик субъекттеринен патент үчүн ай сайын акча чогултуп, бирок өздөрүнө ыйгарып турганы аныкталды.
Мындан мамлекеттик бюджетке зыян келтирилип, учурда анын көлөмү такталууда.