УКМК: Нурбек Сыдыгалиевдин “Мегаком” боюнча айткандары далилденген жок

 УКМК: Нурбек Сыдыгалиевдин “Мегаком” боюнча айткандары далилденген жок

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 15-апрелде Жогорку Кеңешинин жыйынында төраганын орун басары Нурбек Сыдыгалиевдин айткандары боюнча текшерүү жүргүздү.

Атайын кызматтан билдиришкендей, ал “Мегаком” компаниясынын экс-башчысы Акылбек Жамангуловдун кылмыш ишин куугунтуктоону токтотууда прокуратура органдары тарабынан коррупциялык көрүнүштөр орун алганын айткан.

Мурдагы башкы прокурор К.Зулушевдин, “Мегаком” компаниясынын мурдагы жетекчиси А.Жамангулов жана башка адамдардын катышуусунда жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы менен Жогорку Кеңештин вице-спикеринин жогоруда айтылган сөздөрү тастыкталган жок. Анын айткандарын тастыктай турган фактылар жок экенин ал өзү да мойнуна алды.

ЖКнын депутаты Н.Сыдыгалиев билдирген маалымат анык эмес жана чагымчыл мүнөзгө ээ болгондуктан бул өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалдын курчушуна алып келиши, ошондой эле мамлекеттик бийлик органдарына жарандардын ишеним көрсөтпөөсүн жаратышы мүмкүн болгондуктан УКМК органдары Н.Сыдыгалиев менен мындан ары мындай ачык чындыкка жатпаган пикирлерге жол бербөө жөнүндө түшүндүрүү-алдын алуу иштерин жүргүзүштү.

УКМК жарандарды КР мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик каралган республикадагы абалды туруксуздаштырууга багытталган туура эмес жана чагымчыл билдирүүлөрдү таратууга жол бербөөнү эскертет.

Связанный пост