УКМК кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган салыкчыларды кармады
Мамлекеттик салык кызматынын жогорку кызматтагы бир катар кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Атайын кызматтын маалыматына караганда, кармалган салыкчылар кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелүүдө.