УКМК: КМШнын атайын кызматтарынын жетекчилери Ч.Айтматовдун үй-музейине барышты

КМШнын атайын кызматтарынын жетекчилери Ч.Айтматовдун үй-музейине барышты. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматы маалымдады.

Үстүбүздөгү жылдын 24-майында КМШнын атайын кызматтарынын жетекчилери Бишкекте болгон КМШнын коопсуздук органдарынын жана атайын кызматтарынын жетекчилеринин кеңешинин 54-отурумунун алкагында Ч.Т. Айтматовдун үй-музейине барышты. Аталган музейде Чыңгыз Айтматовдун өмүрүнө жана чыгармачылыгына арналган көргөзмө ачылган.

КМШнын атайын кызматтарынын жетекчилерине Ч.Т.Айтматовдун уулу Эльдар Айтматов экскурсия жасап, залкар жазуучунун чыгармалары жазылган китептерди белекке тапшырды.

Ч.Айтматовдун музейинин бай экспозициясы конокторду өзүнүн мазмуну жана көп түрдүүлүгү менен кызыктырды, анткени музейде жазуучунун адабий мурасынын сейрек кездешүүчү үлгүлөрү коюлган.

Белгилей кетсек, Ч.Айтматов – жазуучу, философ, гуманист жана коомдук ишмер. Музейдеги көргөзмөлөр улуу жазуучу, терең ойчул, дүйнөлүк масштабдагы коомдук ишмердин көп кырдуу ишмердүүлүгүн даңазалап турат.

Связанный пост