УКМК: Караколдогу «Бугу» жана «Макиш» соода базарынын ээси кармалды
Мындан тышкары, соода жайларын бир эле адамдарга бир нече жолу сатуу фактылары башка ишкерлерге өткөрүп берүү коркунучу менен аныкталган.
Чогултулган материалдардын негизинде, кылмыш ишинин алкагында Р.А.Т.га таандык турак-жай жана коммерциялык объектилерди кармоо жана тинтүү иш-чаралары жүргүзүлгөн.
КР УКМК Каракол шаарынын тургундарын жана ишкерлерин кармалган жарандын алдамчылык аракеттеринен жабыркаган болсо КР УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгына кайрылуусун өтүнөт.