УКМК: Эркин Мамбеталиевдин 5,7 млн долларлык мүлкү мамлекетке алынды

Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Эркин Мамбеталиевдин 5 млн 716 миң 307 долларды түзгөн мүлкү мамлекеттин балансына өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК Ысык-Көл облусу боюнча иликтенип жаткан кылмыш ишинин алкагында Э.Мамбеталиевдин кылмыш жолу менен тапкан төмөнкү мүлктөрүн мамлекеттин балансына өткөрүп берди: Ысык-Көл облусунун Өрнөк айылында жайгашкан “Эдельвейс” эс алуу борбору, Бишкек шаарындагы 3 жана 2 бөлмөлүү батир, “Lexus LX 570” жана “Dodge RAM” маркасындагы эки унаа, 3 3 гидроцикл, 3 квадроцикл жана улуттук кийизден жасалган боз үй.

Жогоруда аталган мүлктөр 5 млн 716 миң 307 долларды, же 489 млн 886 миң сомго бааланды.

Учурда УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнөн мыйзамсыз алынган мүлктөрдү аныктоо иштери уланууда.

Связанный пост