УКМК: Баткенде эл аралык наркоканал уюштурган милиция кызматкери кармалды

 УКМК: Баткенде эл аралык наркоканал уюштурган милиция кызматкери кармалды

Эл аралык наркоканалды уюштуруп жаткан жеринен Кыргызстандын жараны жана анын шериги Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Баткен облустук башкармалыгынын кызматкери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, атайын кызмат тарабынан баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча пландуу иштин жүрүшүндө “Тажикистан – Кыргызстан – Өзбекстан” багыты боюнча эл аралык уюшкан кылмыштуу топтун эл аралык наркоканалы аныкталып, ага бөгөт коюлду.

Уюшкан кылмыштуу топтун уюштуруучусу чет элдик баңгизат сатуучулар менен бирге Баткен районунун тургуну жана БМЖКККнын Баткен облусундагы башкармалыгынын кызматкери экендиги аныкталып, алар чет өлкөлөрдөн баңги каражаттарын Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу үчүнчү өлкөгө сатуу жана өткөрүү каналын жөнгө салышкан.

Тактап айтканда, 2024-жылдын 12-февралында “Баткен-Ош” унаа жолунда атайын операциянын жүрүшүндө Н.Р. аттуу КР жараны кармалып, аны тинтүү учурунда жалпы салмагы 3 кг 996,7 грамм (базар баасы 1 млн 800 миң сом) афган тектүү “чарс” баңгизат табылган.

Аталган трансулуттук баңги тобуна тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча комплекстүү ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, баңги каналын уюштуруучусунун жардамчысы, БМЖКККнын Баткен облусундагы башкармалыгынын ыкчам ыйгарым укуктуу кызматкери – милициянын лейтенанты С.И.У. кармалды. Аталган кызматкер Мамлекеттик чек арасынын көзөмөлгө алынган аймактары аркылуу баңги каражаттары үчүн акы төлөө катары кызмат кылган транспорт каражатын өткөрүүгө көмөк көрсөткөн.

Жүргүзүлгөн тергөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен 2024-жылдын 17-февралында уюшкан кылмыштуу топтун аталган мүчөлөрүнө КР Кылмыш-жаза кодексинин 41-беренесинин 4-бөлүгү – 282-беренесинин 3-бөлүгү менен айып тагылып, Ош шаардык соту тарабынан УКМКнын тергөө абагына 2024-жылдын 5-мартына чейин камакка алуу түрүндө бөгөт коюу чарасы тандалды.

Учурда тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда.

Связанный пост