“Учкун” ААКтын жана кайгуул кызматкерлеринин коррупциялык схемасы аныкталды

 “Учкун” ААКтын жана кайгуул кызматкерлеринин коррупциялык схемасы аныкталды

“Учкун” ААКтын типография кызматкерлеринин жана Бишкек ШИИБдин Милициянын кайгуул кызматынын инспекторлорунун коррупциялык схемасы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

 

УКМК тарабынан мамлекеттик органдардын ишиндеги коррупциялык көрүнүштөрдү демонтаждоо боюнча тынымсыз жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында “Учкун” ААКтын мамлекеттик полиграфиялык борборунун кызматкерлеринин коррупциялык схемасы аныкталып, бөгөт коюлду.

 

Тактап айтканда, белгиленген басмакананын катуу отчеттуулук бланктарын чыгаруучу цехтин жумушчулары Т.у.М. жана М.у.Б. жеке материалдык пайда табуу максатында басып чыгаруунун белгиленген эрежелерине каршы, административдик укук бузуулар жөнүндө протоколдордун дубликаттарын даярдашкан.

 

Басмакананын жумушчулары Т.у.М. жана М.у.Б. кармалып, Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, аларга карата зарыл болгон тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

 

Азыркы учурда атайын кызмат тарабынан укукка каршы жосундун бардык жагдайларын аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иштер улантылып, көмөк көрсөткөн башка адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатат.

 

Эске сала кетсек, 16-сентябрда бул иш боюнча Бишкек ШИИБдин Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын кызматкерлери да кармалган.

Связанный пост