Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев АКШнын Кыргызстандагы Элчисин кабыл алды

2023-жылдын 11-сентябрында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Америка Кошмо Штаттарынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Лесли Вигерини кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-америкалык кызматташтыгын өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин жана келечегин талкуулашты. Ошондой эле, Нью-Йорк шаарында өтө турган БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясынын ишине делегациялардын катышуусун даярдоого жана анын алкагында «С5+1» форматында пландаштырылган эң жогорку деңгээлдеги жолугушууларга өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара кызыкчылык туудурган бардык багыттар боюнча кызматташууну мындан ары да арттырууга даяр экендиктерин билдиришти.

Связанный пост