Туристтик жайларга жете турчу жолдор жакшырууда

“Каракол” тоо лыжа базасына баруучу унаа жол асфальтталууда. Бул тууралуу КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Жалпы 7,1 чакырымды түзгөн бул жолдун азыркы тапта 3,5 чакырымында асфальт төшөө жумуштары жүрүп жатат (3,1 чак. бүтүп, 400 метр жер калды). Ошондой эле, аталган тилкени бойлой жөө адамдар үчүн тротуар салынып, унаа токтотуучу жай курулду. Ал эми жолдун калган 3,5 чакырымында изилдөө иштери жүрүп, долбоор даярдалды. Анын жыйынтыгы менен жердин негизин даярдоо жумуштары башталат.
Белгилей кетсек, буга чейин жергиликтүү бийликтин карамагында турган “Каракол” тоо лыжа базасына бара турчу унаа жол 2023-жылы министрликтин балансына өткөрүлүп берилген.
Андан сырткары Арстанбап жаңгак токоюна жана Сары-Челек биосфералык коругуна бара турчу жол оңдолууда. Ошондой эле, быйыл Чүй облусундагы Ала-Арча жаратылыш паркынын жолу жана “Теплые ключи” ден соолукту чыңдоо борборуна бара турчу Кой-Таш-Узун-Кыр унаа жолу асфальтталды. Ысык-Ата курортуна жете турчу Красная-Речка-Ысык-Ата жолунун 3 чакырымына асфальт төшөлдү.
Мындан тышкары, Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан эс алуу жайларынын 7 чакырым жолу асфальтталды. “Витязь”, “Лазурный берег”, “Жетиген”, “Нур”, “Алтын Кум”, “Толкун”, “Тулпар” жана “Кыргызское Взморье” пансионатынан “Аалам” пансионатына чейинки жолго асфальт төшөлгөн. Ошондой эле, Радуга”, “Жалын”, “Ай-Көл” эс алуу жайларына жете турчу жол жасалган.
Өзүнүн уникалдуу, кооз жаратылышы менен таанылып, миңдеген коноктор көрүүгө ашыккан дагы туристтик объектилердин, көл жээгинде жайгашкан пансионаттардын жолдорун оңдоо мерчемделүүдө.

Связанный пост