Tunduk порталы жана мобилдик тиркемеси аркылуу 11 млн онлайн кызмат көрсөтүлдү

 Tunduk порталы жана мобилдик тиркемеси аркылуу 11 млн онлайн кызмат көрсөтүлдү

Tunduk порталы жана мобилдик тиркемеси аркылуу 11 млн онлайн кызмат көрсөтүлдү. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

 

Ведомстводон маалымдашкандай, “Түндүк” тутуму аркылуу мамлекеттик жана жеке уюмдардын ортосунда 3 миллиарддан ашуун маалымат алмашуу ишке ашты. Системага 1343 кызмат жана 311 катышуучу кошулган. Tunduk порталы жана мобилдик тиркемеси аркылуу 11 млн онлайн кызмат көрсөтүлүп, колдонуучулардын саны 1,7 миллионго жетти.

 

2024-жылы Tunduk порталында 14 жаңы кызмат ишке киргизилди. Алардын катарында:

 

– Мүлк салыгы боюнча карызы бардыгы/жоктугу тууралуу маалымкат;

– Жарандык абалдын актыларын каттоо боюнча документтерди санариптештирүү (оцифровка);

– Адамдын соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалымкат алууга арыз берүү;

– Калкты тейлөө борборлоруна онлайн кезекке туруу;

– Кыймылсыз мүлктү мамлекеттик онлайн кайра каттоо;

– Жашаган жери боюнча онлайн каттоо (прописка) жана башка кызматтар.

 

“Түндүк” ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутуму мамлекеттик органдардын тыгыз кызматташуусунун натыйжасында ишке ашырылган. Бул өз кезегинде кагаз түрүндөгү документтерди жоюуга жана кызмат көрсөтүү процессин тездетүүгө жардам берүүдө.

Связанный пост