“Тулпар Моторс” заводу быйыл 3 миң 800 унаа чыгарууну пландоодо

 “Тулпар Моторс” заводу быйыл 3 миң 800 унаа чыгарууну пландоодо

“Тулпар Моторс” заводу быйыл 3 миң 800 даана унаа чыгарат. Бул тууралуу автозаводдун директору Мирбек Дубанаев радиолордун биринде билдирди.

Анын айтымында, “Тулпар Моторс” заводу Чүй облусундагы Ак-Суу айылында жайгашкан. Аталган завод өткөн жылдын 18-июлунда иштей баштаган. Жарым жыл ичинде ишкана 504 унаа чыгарып, алардын 456сы сатылган. 2025-жылы компания өндүрүштү арттырып, дагы 3 миң 800 унаа чыгарууну көздөөдө.

“Биздин завод 8 миңге чейин жеңил унаа жана 1,5 миңге чейин жүк ташуучу унаа чыгара алат. Завод Isuzu жүк ташуучу жана Chevrolet унааларын чыгарат. 2024-жылы Chevrolet унаасынын Cobalt, Onix жана Tracker сыяктуу үлгүлөрү чыгарылган. 2025-жылы дагы беш үлгүсү чыгарылат: Malibu, Captiva, Traverse, Tahoe жана Suburban”,-деди ал.

Ал ошондой эле учурда T6 менен T8 үлгүсүндөгү JAC жол тандабастары жана пикаптар кураштырыла баштаганын кошумчалады.

“Алардын баасы болжол менен 2 млн сомго жетет”,-деди ал.

Связанный пост