Топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 17,98 чакырымы боюнча макулдашты

Жетишилген макулдашууга ылайык, 2023-жылдын 1-8-ноябрына чейин кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын Өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу Тажикстан Республикасынын Согди облусунун Бустон шаарында болуп өттү.

Топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 17,98 чакырымы боюнча макулдашты.

Тараптар Кыргыз Республикасынын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда калган тилкелер боюнча тиешелүү ишти улантат.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тиешелүү Протоколго кол коюлду.

Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өттү.

Связанный пост