Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 7,7 млрд куб метрди түздү
Бүгүн, 4-мартка карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 7 млрд 753 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ААКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 162 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 759 куб метрди түзүүдө.
Өлкөнүн энергетиктери керектөөчүлөрдү электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга чакырат.