Токой чарбасына 72,7 млн сом каржыланды

 Токой чарбасына 72,7 млн сом каржыланды

Токой чарбасына 72,7 млн сом каржыланды. Булу тууралуу КР Финансы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык,2023-жылга токойлорду коргоо, токой өстүрүү жана көбөйтүү боюнча иш-чараларды каржылоого 90,8 млн сом каралган (отургузуу, себүү, көчөттөрдү багуу ж.б.).

Алар:

– токой чарба иштерине 68,3 млн сом;

– өрткө каршы иштерге 19,2 млн сом;

– Токойлорду коргоо иштерине 3,3 млн.

Бүгүнкү күндө 72,7 млн ​​сом суммасында каражат каржыланды.

Алар:

– токой чарба иштерине 54,0 млн сом;

– өрткө каршы иштерге 16,1 млн сом;

– Токойлорду коргоо иштерине 3,6 млн.

Связанный пост