ТИМ: Дээрлик 72 миң кыргызстандык Россиянын аймагында мыйзамсыз жүрөт

 ТИМ: Дээрлик 72 миң кыргызстандык Россиянын аймагында мыйзамсыз жүрөт

Россиянын компетенттүү органдарынын маалыматы боюнча, ушул жылдын октябрь айына карата Кыргызстандын 71 949 жараны өлкө аймагында миграциялык мыйзамдарды бузуу менен (“тобокелдик зонада”) жүрөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жарандардын бул категориясына Россиянын Ички иштер министрлигинин маалымат базасында алардын эмгектик же жарандык-укуктук келишим түзгөндүгү, манжа изин каттоодон жана медициналык текшерүүдөн өткөндүгү, миграциялык каттоого тургандыгы жөнүндө ж.б. жөнүндө маалымат жок адамдар кирет.

Эгерде алардын Россиянын аймагында мыйзамдуу болгондугун (жүргөндүгүн) тастыктаган жарактуу документтери болсо, жарандар Россиянын Ички иштер министрлигинин миграция маселелери боюнча аймактык бөлүмдөрүнө кайрылып, тиешелүү маалымат базасына киргизип “тобокелдик зонасынан” өзүн алып салуу үчүн документтерин бериши керек.

Россия Федерациясында “тобокелдик зонасында” турган КР жарандары тууралуу маалымат Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан жакын арада https://migrant.kg порталына жайгаштырылат. Жарандар бул тизмеден өздөрүн өз алдынча текшерип, РФ аймагында өздөрүнүн укуктук абалын жөнгө салуу үчүн алдын ала зарыл чараларды көрө алышат.

Министрлик мурда маалымдагандай, 2025-жылдын 5-февралынан тартып Россияда “Россия Федерациясындагы чет элдик жарандардын укуктук абалы жөнүндө” федералдык мыйзамга өзгөртүүлөр күчүнө кирет. Россиянын аймагында мыйзамдуу негиздери жок жүргөн жана өлкөдөн чыкпаган же Россияда болуу (жашоо) үчүн мыйзамдуу негиздерге ээ болбогон чет өлкөлүк жарандар контролдонуучу адамдардын реестрине киргизилет жана аларга карата чыгаруу режими колдонулат.

Связанный пост