Тигүү тармагы 2030-жылга чейин жеңилдетилген салык режимине өттү

 Тигүү тармагы 2030-жылга чейин жеңилдетилген салык режимине өттү

2030-жылдын 1-январына чейин тигүү жана текстиль өнөр жайынын бардык субъекттери үчүн орточо айлык эмгек акынынын 40 пайызынын негизинде эсептелген 12 пайыз өлчөмүндөгү камсыздандыруу төгүмдөрүнүн бирдиктүү ставкасы бекитилди.

Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, ошондой эле тигүү жана текстиль өнөр жайында иштеген кызматкерлердин орточо айлык эмгек акысынан эсептелген 1 пайыз өлчөмүндөгү киреше салыгынын минималдуу ставкасы белгиленди.

Тактап айтканда, 2026-жылдын 1-январынан тартып бул ишкерлер бир кызматкер үчүн орточо айлык эмгек акынын 40 пайызынын негизинде эсептелген 12 пайызы өлчөмүндө камсыздандыруу төгүмүн төлөшөт, бул 2 115,5 сомду түзөт. Ошондой эле орточо айлык эмгек акынын 1 пайызы өлчөмүндө киреше салыгы төлөнөт — 440,7 сом. Бир кызматкер үчүн жалпы төлөмдүн суммасы 2 556,2 сомду түзөт.

Белгилей кетсек, 2026-жылы орточо айлык эмгек акы 44 070 сомду түзөт.

Бул өзгөртүүлөр ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоого, салыктык жүктү азайтууга, салыктык башкарууну жакшыртууга, ошондой эле өндүрүштү өнүктүрүү, продукциянын ички жана тышкы рыноктордогу атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, жумуш менен камсыздоону стимулдаштыруу жана тармактын экспорттук потенциалын жогорулатууга багытталган.

Эскерте кетсек, 2025-жылдын 31-декабрында президент Садыр Жапаров салык салуу жана социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү бир катар мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамга кол койгон.

Аталган мыйзам 2025-жылдын 5-декабрындагы экономиканы колдоо чаралары тууралуу Жарлыкты ишке ашыруунун алкагында кабыл алынган жана ишкерлерди, жеке жана юридикалык жактарды колдоого багытталган.

Связанный пост