Телеканалдар “Кыргызфильм” жана “Кыргызсериалдын” тасмаларын көрсөтүүгө тийиш
Өлкөнүн телеканалдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү максатында “Кыргызфильм” жана “Кыргызсериалдын” тасмаларын көрсөтүүгө тийиш. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев телеканалдар үчүн өткөрүлгөн жыйында билдирди.
Анын айтымында, мындай чечимдер өлкөнүн телеканалдарында ата мекендик өндүрүштөгү продукциялардын азайып кеткендигине жана мамлекеттик тилдеги берүүлөрдүн жалпы көлөмү жөнүндөгү мыйзамдын аткарылбай жаткандыгына байланыштуу кабыл алынды.
Ал белгилегендей, мындан ары алар прайм-тайм убактыларын министрликтин алдындагы Кыргыз кинематография департаментине таандык “Кыргызфильм” жана “Кыргызсериал” студиялары жана башка дагы жеке менчик компаниялар тарткан тасмалар менен толтурушса болот.
“Акыркы мезгилдерде мамлекет Кыргыз кинематография департаментине абдан жакшы көңүл бөлүп жатат. Анда ондогон тасмалар тартылууда. Мисалы, учурда “Кыргыз фильм” киностудиясында 424 тасма, 40тан ашык анимациялык фильм жана “Кыргызсериал” киностудиясында 10 сериал бар. Ушул эки мекеме жана башка дагы жеке компаниялар менен 10% бартердин жана бир жылдык келишимдин негизинде кызматташсаңыздар болот. Продукциясын бекер беребиз деген өндүрүшчүлөр дагы бар.
“Кыргыз фильмдеги” “кыргыз кереметинин” тасмалары, андан кийин да сапаттуу тартылган көркөм, документалдык жана башка жанрдагы тасмалар бар.
Андан сырткары, жакынкы жылдары түптөлгөн “Кыргызсериал” мекемесинде жаралган “Чоочун кишинин” 1-2-сезону, “Жалбыз”, “Биздин класс”, “Талант жана тагдыр”, “Мурас”, “Тайган”, “Муз үстүндөгү гүлдөр”, “Чыпалак бала” жана башкалар. Андан башка дагы “Амантай менен Айтуяк, “Быйтыкчалар” деген сыяктуу анимациялык фильмдер бар.
Мунун баарын биз сиздерге бергенге даярбыз жана алардын көрсөтүлүшүн көзөмөлдөп турабыз”,-деди орун басар.
Тагаев ошондой эле, телеканалдарды кинодепартаменти менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, мекеме тасмаларды жаратуу жаатында уюштуруп жаткан конкурстарга катышууну сунуштады.