Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады

Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады.
“Байыркы тарыхы бар бул майрам тынчтык жана коопсуздук идеяларынын негизинде маданий мурастардын жана кылымдарды карыткан каада-салттардын биримдигин ишке ашыруу катары, ынак коңшулук, өз ара урматтоо жана колдоо көрсөтүү, анын ареалындагы элдердин ортосундагы байланышты чыңдоодо маанилүү ролду ойнойт.
Нооруз майрамынын түбөлүктүү жаратман салттары бизди элдерибиз менен өлкөлөрүбүздүн ортосундагы достук мамилелерди жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары да бекемдөө үчүн туруктуу күч-аракеттерди жумшоого үндөйт.
Биздин өлкөлөр бул байыркы майрамдын жалпы адамзаттык бийик баалуулуктарына таянуу менен мындан ары да өздөрүнүн көп кырдуу мамилелеринин мазмунун байытуу боюнча биргелешкен аракеттерди көрөрүнө ишенем”, – деп айтылат куттуктоо телеграммасында.
Эмомали Рахмон Садыр Жапаровго чың ден соолук жана жооптуу мамлекеттик ишмердүүлүгүндө жаңы ийгиликтерди, ал эми боордош Кыргызстан элине бакыт, бакубатчылык, тынчтык жана туруктуулук, прогресс жана гүлдөп-өнүгүү каалады.