Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон Кыргызстанга келди

Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон Кыргыз Республикасына келди.

“Манас” эл аралык аэропортунан Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмонду Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров тосуп алды.

Белгилей кетсек, Тажикстандын Президенти Кыргызстанга 13-октябрда Бишкекте өтө турган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө-мамлекеттеринин башчыларынын кеңешинин жыйынына катышуу үчүн келди. Быйыл Кыргыз Республикасы КМШга төрагалык кылууда.

Связанный пост