Ташиев зордук-зомбулукка кабылган кыз-келиндерди УКМКга кайрылууга чакырды
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Кадамжайда күйөөсүнүн ур-токмогунан каза болгон 23 жаштагы келиндин окуясына байланыштуу кайгыруу менен билдирүү жасады.
УКМК башчысы жаш келиндин тагдыры өтө аянычтуу болгондугун айтып, жалпы кыргызстандык кыз-келиндерге кайрылды.
“Урматтуу кыз-келиндер!
Эгерде сиздерге зордук-зомбулук көрсөтүлүп жатса, тез арада ар бир райондо жайгашкан УКМК кеңселерине кайрылыңыздар!
Энелерди, аялдарды,кыз-келиндерди сактап, коргоп жана жардам берүүгө биз милдеттүүбүз!”, – деп билдирүү калтырды Ташиев өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу.