Төлөйкөн айылында боор жана бөйрөктү трансплантациялоо борбору ачылат

 Төлөйкөн айылында боор жана бөйрөктү трансплантациялоо борбору ачылат
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, Кыргыз Республикасынын Преиздентинин Ош областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев, Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Жакыпбек Субакожоев “Азия” кайра калыбына келтирүүчү борборунун жетекчилиги, Индия өлкөсүнөн келген “Меданта” клиникасынын дарыгерлери жана атайын өкүлү Мухамед Акбер Вани жана Ашок Кумар Ваит башчылыгында турган делегациянын мүчөлөрү менен жолугушту.
Жолугушууда Ош облусунун жана бүткүл Кыргыз Республикасынын медициналык инфраструктурасын өнүктүрүүдө маанилүү учур болуп кала турган Төлөйкөн айылында боор жана бөйрөк алмаштыруу борборун ачуу жолдору талкууланды. Борбор боор жана бөйрөк ооруларын алдын алуу, профилактикалоо жана трансплантациялоого сапаттуу медициналык кызматты жеткиликтүү баада көрсөтүүгө адистешет.
Бул ачылыш ошондой эле башка чет өлкөлөрдөн келген бейтаптарды кабыл алууга мүмкүнчүлүк түзүп, жергиликтүү медицина кызматкерлерине тажрыйба жана атайын билимдер менен алмашууга шарт түзөт. Бул элибиздин ден соолугун чыңдап, учурдун эн көйгөйлүү оорулардын алдын алуу күтүлүүдө.
Делегация менен жолугушуудан тышкары Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын залында Ош облусунан келген 400дөн ашык дарыгерлердин катышуусунда илимий-практикалык конференция өттү. Илимий-практикалык конференция көрүнүктүү медицина адистеринин – онкология тармагындагы эксперт Ашок Кумар Ваиттын жана Меданта клиникасынын тажрыйбалуу хирургу Мухамед Акбер Ванинин баяндамалары менен коштолду.
Конференция кызыктуу баяндамаларга жана талкууларга бай болуп, 15 бейтапка эксперт дарыгерлер тарабынан бекер консультациялар берилди. Бул иш-чара Кыргызстандын медицина тармагын өнүктүрүүдө жана Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы медициналык кызматташтыкты бекемдөөдө маанилүү кадам болуп саналат.

Связанный пост