Түркиядан ташылып келген 22 тонна балык тоюту артка кайтарылды
“Ак-Тилек” көзөмөл өткөрүү жайында 22 тонна балык жеми артка кайтарылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, балык тоюту Кыргызстанга Түркиядан алып келе жаткан.
Текшерүүдө ЕАЭбдин ветеринардык-санитардык талаптарынын сакталбагандыгы аныкталды.
Натыйжада инспекторлор тарабынан жүктү артка кайтаруу боюнча тиешелүү актылар түзүлүп, товар Кыргызстандын аймагына киргизилген жок.
Жүк “Ак-Тилек” көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу кайра Түркияга жөнөтүлдү.