Түркия Кыргызстандын 58,8 млн доллар карызын кечти

 Түркия Кыргызстандын 58,8 млн доллар карызын кечти

Кыргызстан 2012-2015-жылдар аралыгында социалдык жана экономикалык долбоорлорго деп 100 млн доллар карыз алган экен.

 

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынан жетекчиси Дайырбек Орунбековдун айтымында, учурда, анын 58,8 млн доллары калган.

 

“Садыр Жапаров буга чейин тышкы карызды жашыл экономикага алмаштыруу боюнча демилге көтөрүп, өнөктөш өлкөлөргө жана каржы уюмдарына кайрылган.

 

Бүгүн, Түркия президенти Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Кыргызстандын 58,8 миллион доллар карызын кечти. Түрк президенти кесиптеши Садыр Жапаровдун карызды жашыл экономикага алмаштыруу демилгесин колдоду”, – деп жазды ал.

Связанный пост