“Түндүк” тиркемесинде баланын төрөлгөнүн онлайн каттоо кызматы пайда болду

 “Түндүк” тиркемесинде баланын төрөлгөнүн онлайн каттоо кызматы пайда болду

Мобилдик “Түндүк” тиркемесинде баланын төрөлгөнүн онлайн каттоо кызматы жеткиликтүү болду. Бул тууралуу “Түндүк” ААКтан билдиришти.

Маалыматка ылайык, эми эне да, ата да баланын төрөлгөнүн каттоо боюнча арызды түздөн-түз “Түндүк” тиркемеси аркылуу бере алышат.

“Түндүк” аркылуу төмөнкү кызматтарды колдонууга болот:

  • баланын төрөлгөнүн каттоого арыз берүү;
  • арыздын каралуу статусун көзөмөлдөө;
  • даяр туулгандыгы тууралуу күбөлүктү электрондук форматта алуу.

Связанный пост