“Түндүк” мобилдик тиркемеде “Пенсиялык күбөлүк” санариптик документи жеткиликтүү болду

 “Түндүк” мобилдик тиркемеде “Пенсиялык күбөлүк” санариптик документи жеткиликтүү болду

Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги маалымдайт:  “Түндүк” мобилдик тиркемесинде жаңы “Пенсиялык күбөлүк”  санариптик документи жеткиликтүү болду.

“Пенсиялык күбөлүк” жаңы санариптик документи кагаз түрүндөгү документ менен бирдей юридикалык күчкө ээ жана санарип документти мамлекеттик органдарга көрсөтүү талап кылынган бардык учурларда колдонсо болот.

Киргизилип жаткан жаңы санариптик технологиялар жаранга бардык керектүү документтерди өзүнүн смартфонунда кармоого мүмкүндүк берет.

Санариптик документти колдонуу үчүн жаран төмөнкү кадамдарды аткаруу керек:

1.”Tunduk” мобилдик тиркемесин AppStore же PlayMarketтен жүктөө;

  1. Булуттук электрондук кол тамганы колдонуу менен мобилдик тиркемеге кирүү;

3.Тиркемеде “Санариптик документтер” бөлүмүнө өтүп, бул документтин санарип формасын колдонуңуз.

Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирет, ишке ашырылып жаткан жаңы санариптик технологиялар жарандар үчүн мамлекеттик кызмат алуусунда максималдуу жеңилдиктерди камсыздап берет.

Связанный пост