Свердлов районунунда дагы бир сквер курулууда

 Свердлов районунунда дагы бир сквер курулууда

Свердлов акимиатынын демилгеси менен Чокан Валиханов көчөсүндөгү скверди Чүй проспектисинен темир жолго чейин жакшыртуу долбоору башталды.

Бүгүн райондук администрация башчысы сквердин курулушунун жүрүшү менен жеке таанышып чыкты.

Бул долбоор Свердлов райондук администрациясынын жана “Бишкекжашылчарба” муниципалдык ишканасынын биргелешкен аракеттеринин аркасында ишке ашырылууда.

Иштерди жүргүзүү үчүн “Медиа Строй”ЖЧКсы менен келишим түзүлгөн. Сквердин курулушу графикке ылайык жана каралган бюджеттин чегинде башталды.

Эми түстүү өсүмдүктөр, гүлдөр жана бак-дарактар мол болуп, табигый атмосфераны түзүп, айланадагы абанын сапатын жакшыртат.

Сквер заманбап отургучтар, таштанды челектери, жөө жүргүнчүлөр жана велосипедчендер үчүн жолдор менен камсыздалат.

Связанный пост