Сузактагы улгайган жарандар жана ДМЧА үчүн жалпы типтеги социалдык станционардык мекемеге Япония элчилигинен медициналык жабдуулар берилет

 Сузактагы улгайган жарандар жана ДМЧА үчүн жалпы типтеги социалдык станционардык мекемеге Япония элчилигинен медициналык жабдуулар берилет

2023-жылдын 18-октябрында Япония Өкмөтүнүн “Чөптүн тамыры жана адамдын коопсуздугу” гранттык программасынын алкагында Кыргыз Республикасындагы Япония элчилиги менен улгайган жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн жалпы типтеги Сузак социалдык станционардык мекемесинин ортосунда гранттык келишимдерге кол коюу аземи болуп өттү. Гранттык келишимге Япониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Года Хидеки мырза менен Сузак ССМдин директору Байжигитова Аида кол коюшту. Иш-чарага Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова катышты.

 

«Жапониянын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин ишмердүүлүгү жарандардын социалдык жактан аялуу категорияларын, анын ичинде социалдык мекемелерде жашаган улгайган жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды коргоого көмөктөшөөрүн белгилей кетүү маанилүү. Ошентип, Жайыл мектеп-интернатына ашкана жана өнөр-жай жабдууларын сатып алууга 100 миң доллардан ашык акча бөлүнгөн.

 

Токмок 2 интернатына жана Сокулук реабилитациялык борборуна курулуш материалдарын, өндүрүштүк жана медициналык жабдууларды, унааларды сатып алуу үчүн жалпысынан 215 миң доллардан ашык каражат бөлүнгөн. Долбоордун алкагында карылар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн Нижне-Серафимовский социалдык стационардык мекемесинде жашоо шарттары жакшыртылды», – деп белгиледи Гүлнара Баатырова.

Бул долбоордун алкагында Сузак ССМге физиодарылоо үчүн аппараттар, ошондой эле стоматология үчүн жабдуулар берилет.

Связанный пост