Сузактагы кырсык: Окуя боюнча ыкчам штаб иш алып барууда

 Сузактагы кырсык: Окуя боюнча ыкчам штаб иш алып барууда

Сузактагы кврсык боюнча ыкчам штаб иш алып барууда. Бул тууралуу КР Президентинин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашты.

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов Сузак районундагы окуучулар менен катталган кырсыктан улам, жабыркаган балдардын абалын көзөмөлгө алуу максатында түзүлгөн ыкчам штабдын жыйынын өткөрдү.

 

Анда саламаттыкты сактоо кызматкерлерине ооруканадагы балдардын абалын тыкыр көзөмөлгө алуу, бардык керектүү шарттарды камсыздоо зарылдыгын эскертти. Отурумда абалды жөнгө салуу боюнча түзүлгөн комиссия үзгүлтүксүз иш алып бараарын белгиледи.

 

Өкүлдүн биринчи орун басары окуя кылдат иликтенип, тийиштүү кызматкерлерге чара көрүлөөрүн кошумчалады.

 

Бүгүн, 2-майда Сузак районун Курманбек айыл аймагынын Жерге-Тал айылында “Манас” айтуу иш-чарасы учурунда окуучуларды унаа сүзүп, 32 бала жабыркаган.

Связанный пост