Сузакта балмуздак ташыган унаа 32 баланы сүзүп кетти

 Сузакта балмуздак ташыган унаа 32 баланы сүзүп кетти

Саламаттык сактоо министрлиги Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун Көк-Арт айыл өкмөтүнүн Катмы эс алуучу жайында 2024-жылдын 2-майында болгон кырсык боюнча төмөнкүдөй маалымат билдирет.

 

Сузак районунун Көк-Арт айыл өкмөтүнүн Катмы эс алуучу жайында 2024-жылдын 2-майында саат 11:30-дар чамасында Манастын 1000 жылдыгына караштуу Манас айтуу боюнча райондук деңгээлде окуучулар арасында флешмоб уюштурулуп жатканда Портер үлгүсүндөгү унаа ордунан жылып кеткендигине байланыштуу кырсык катталган.

Кырсык болгон жерде үч тез жардам бригадасы биринчи медициналык тез жардам көрсөтүштү.

 

Сузак аймактык ооруканасынан окуя катталган жерге 5 тез жардам бригадасы, 3 травматолог, 2 хирург дарыгерлери тартылды.

 

Саат 19:30 карата акыркы маалыматтарга ылайык жалпы кайрылгандардын саны 32 адамды түздү. Анын ичинен 3 бейтап Сузак аймактык ооруканасына жаткырылды, 4 жабырлануучу Октябрь ооруканасында калтырылды, 10 бейтап Жалал-Абад балдар ооруканасына которулду, калган жабыркагандар амбулаториялык дарыланууга жиберилди.

 

Жалал-Абад облустук балдар ооруканасында 4 адистештирилген медициналык (2 хирургиялык, 1 травматологиялык жана 1 кайра жандандыруу) бригадалар иштеп жатышат, дары-дармектер жетиштүү. Жалал-Абад облустук балдар ооруканасында эки бейтап операцияга алынган, азыркы учурда операциядан кийинки абалы туруктуу.

 

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин тапшырмасы менен Бишкектен жана Ош шаарынан санавиация аркылуу керектүү адистер жөнөтүлдү, керектүү болгон дары-дармектер да кошумча жөнөтүлдү. Ошондой эле министр өзү да жерине жөнөп кетти.

 

Ош облустар балдар ооруканасында адистештирилген медициналык бригадалар жана резервдик керебеттер даярдалды.

Связанный пост