Солтон-Сарыдагы алтын комбинаты сыноо режиминде ишке кирди

Күн мурун Нарын районунун Солтон-Сары жайлоосундагы “Бучук” кенинде алтын комбинаты сыноо режиминде ишке кирип, Кыргыз-Кытай биргелешкен “Жонг Жи Майнинг” компаниясы эксперименталдык өндүрүш ишмердигин баштады.

 

Иш-чарага президенттин Нарын облусундагы өкүлү Алтынбек Эргешов, “Чайна Голд” компаниясынын президенти Ин Жан Бо мырза, Кыргыз-Кытай биргелешкен “Жонг Жи Майнинг” ЖЧКнын өкүлдөрү, Нарын районунун тургундары, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана айыл аксакалдары катышты.

 

Өкүлчүлүктөн белгилешкендей, 2022-жылдын 27-июнунда президент Садыр Жапаров Солтон-Сарыдагы “Бучук” кенинде болуп, мамлекеттик органдар, инвесторлор жана жергиликтүү эл менен жолуккандан кийин Кыргыз-Кытай биргелешкен “Жонг Жи Майнинг” ЖЧКнын кенди иштетүү ишмердүүлүгүн улантуусу боюнча чечим кабыл алган. Аталган компания менен жер кыртышын бузбастан алтын кенин иштетүүгө руксат берилип, жергиликтүү тургундар үчүн жыл сайын 50 миллион сомдон социалдык пакет төлөнө турганы макулдашылган.

 

2022-жылдын 22-августунан баштап мыйзамда каралган бардык талаптарды аткаруу менен курулуш иштерин баштоого уруксат берилген.

Эки жарым жылдан бери кен жайда алтын ылгоочу фабриканын, административдик турак-жай корпусунун, кен аралашмасын майдалоочу, чыпкалоочу цехтердин, лаборатория, кен сакталуучу кампалардын, калдык сактоочу жайдын, жылытуучу корпус, суу резервуары сыяктуу зарыл болгон обьектилердин курулуш иштери жүрдү. Компания бул иштерге жалпысынан 12 миллиард сомдон ашык инвестиция салды.

 

Анын ичинде республикалык жана жергиликтүү бюджетке салык жана башка төлөмдөрдү төлөдү. Ал эми Миң-Булак айыл өкмөтүнүн Өнүктүрүү фондуна соцпакет катары 150 млн сомдон каражат түштү. Аны менен бир катар социалдык-инфраструктуралык долбоорлор ишке ашууда.

 

Учурда компанияда 350дөн ашык адам эмгектенип жатат. Анын басымдуу көпчүлүгү жергиликтүү тургундар. Комбинаттын ишке кириши менен жумуш орундары көбөйөөрү күтүлүүдө.

 

Эксперименталдык өндүрүш ишмердүүлүгүн баштоо иш-чарасында облус жетекчиси Алтынбек Эргешов бүгүнкү күндө өндүрүш ишканаларын ачуунун маанилүүлүгүн баса белгилөө менен компаниянын өкүлдөрүн мыйзамда каралган шарттарды, тоо кен тармактарына тиешелүү бардык укуктук-нормативдик ченемдерди туура сактоо менен иш алып барууга, жумушчулар арасында ынтымакты, тартипти сактоого чакырды.

 

“Чайна Голд” компаниясынын президенти Ин Жан Бо мырза өлкө башчысы Садыр Жапаровго, кыргыз өкмөтүнө, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө терен ыраазычылык билдирүү менен бирге компания Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде, улуттук баалуулуктарды колдоого алып, кыргыз-кытай мамлекеттеринин кызматташтыгы үчүн ак ниеттүүлүк менен иш алып бараарын билдирди.

Связанный пост