Сокулукта 8 гектардан ашык жер ыктыярдуу түрдө мамлекетке кайтарылды

Сокулук районунда мурдагы чиновниктердин жакын туугандары 8,03 га жер тилкесин өз ыктыяры менен мамлекеттин балансына өткөрүп берди. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызмат жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мурдагы кызмат адамдары тарабынан уюштурулган коррупциялык схеманы колдонуу менен белгиленген тартипте муниципалдык жер тилкелерди ыйгарып алуу фактысын аныктады.

Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында Сокулук районунун айрым кызмат адамдары Бишкек шаарынын Баетов көчөсүндөгү 8,03 га муниципалдык жер тилкени мыйзамсыз жеке менчикке өткөрүп бергендиги такталды.

Тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында, аталган жер коммерциялык максатта колдонууга даярдалып, аффилирленген жактарга, анын ичинде Сокулук районунун мурдагы кызмат адамдарынын жакын туугандарына өткөрүлүп берилген.

Тилкенин учурдагы ээси жерге иш жүзүндө ээлик кылуунун мыйзамсыздыгын моюнга алып, 8,03 га жер тилкесин өз ыктыяры менен мамлекеттин балансына өткөрүп берген.

Связанный пост