“Социалдык келишим” долбоору. Эми жарандарга 150 миң сомдон бериле баштайт

 “Социалдык келишим” долбоору. Эми жарандарга 150 миң сомдон бериле баштайт

“Социалдык келишим” долбоорунун алкагында эми кайтарымсыз каражат 150 миң сомдон бериле баштайт . Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров “Кабар” агенттигине билдирди.

Анын айтымында, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, социалдык жардамдын өлчөмү 100 миң сомдон 150 миң сомго чейин көбөйтүлдү. Быйыл бул каражатты 13 миң 334 адам ала алат.

“Быйыл инфляцияга ылайык, министрлик тарабынан социалдык жардамдын суммасын көтөрүү маселесин коюлган. Президентибиз бул демилгебизди колдоп берди. Республикалык бюджеттен бул үчүн 2 млрд сом каралды.

3 жылдан бери “Социалдык келишим” долбоорунун алкагында, дээрлик 35 миңден ашык үй-бүлөгө 100 миң сомдон кайтарымсыз жардам берилген. Анын жалпы суммасы 3,3 млрд сомду түздү. Келишимге ылайык, ишин баштаган үй-бүлөлөрдүн 73%дан ашыгы айыл чарба багытында бизнес программаларды ишке ашырган. Долбоордун алкагында, 43 миңге жакын кошумча жумуш оруну түзүлгөн. Жалпысынан долбоор 190 миңден ашык адамдын жашоо шартын жакшыртууга көмөк көрсөтүүдө”, – деди министр.

Ошондой эле Равшанбек Сабиров белгилегендей, “Социалдык келишим” долбооруна катышкандарга 200 миң сом өлчөмүндө 3 жылдык мөөнөткө пайызсыз насыялар бериле баштады. Бүгүнкү күнгө чейин 105 үй-бүлө пайызсыз насыя ала алды. Быйыл пайызсыз насыя менен 1000 катышуучуну колдоо пландалды.

Булак “Кабар” агенттиги

Связанный пост